Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Сириядан Түркияга 23 миң качкын өтүп келди


Cириялык качкындардын Түркия тарапка өткөндөгү кези. 10-июнь, 2015-жыл.
Cириялык качкындардын Түркия тарапка өткөндөгү кези. 10-июнь, 2015-жыл.

БУУнун маалыматына караганда Түркияга акыркы апталарда өтүп келгендер - Сириянын түндүгүдөгү уруштардан качкандар.

Түрк бийликтеринин айтымында, алардын басымдуу бөлүгү чек арадагы Тел-Абьяд шаарчаcы үчүн уруштардан улам жер которууга аргасыз болгондор. Аталган шаарды сириялык күрддөрдүн аскерий бирикмеси - “Элдик өзүн-өзү коргонуу комитети” (YPG) кечээ ээлей алды.

Бул маалыматты Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да ырастап, күрддөр шаарчанын басымдуу бөлүгүнө көзөмөл орноткону менен “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери каршылык көргөзгөн жерлер бардыгын да кошумчалады.

Күрд күчтөрүнө АКШ баштаган коалиция аба соккулары аркылуу колдоо көргөздү.

Тел-Абьяддын ээлениши күрддөр 900 чакырымга созулган Сирия – Түркия чек арасынын 400 чакырымын көзөмөлдөп калды дегенди туюндурат.

Сирия – Түркия чек арасы “Ислам мамлекети” тобунун катары чет элдик согушкерлер менен толукталышында маанилүү роль ойногон. Тель-Абьяд “ИМ” тобунун согушкерлери үчүн куралды жана мунайды аткезчилик жол менен ташууда транзиттик түйүн катары да кызмат кылчу. (UE)

XS
SM
MD
LG