Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Жалал-Абад: Депутат Акамбаев “7-каналдын” үстүнөн арызданды


Жалал-Абад шаарынын экс-мэри, шаардык кеңештин учурдагы депутаты Тилек Акамбаев “7-каналдын” кызматкерлери анын жеке жашоосуна кийлигишип жатканын айтып милицияга кайрылды.

Ал эми “7-каналдын” кызматкерлери ал эки кабат үйүнүн мүлк салыгынын эсебин 1-апрелге чейин өкмөткө көрсөтпөгөнүнө байланыштуу комментарий алганы барышканын, бирок экс-мэр жубайы жана баласы менен журналисттерге кол көтөрүп, камераны тартып алганын билдиришти.

Тилек Акамбаев “Азаттыкка” комментарий берип жатып, камераны тартып алганы чын экенин, бирок журналисттердин аракети жеке аброюна шек келтиргенин айтты:

- Менин үйүмө үч оператор келиптир. Мага эч кандай кабар бербей эле, видеого тартып атышканы үчүн видеокамерасын тартып алгам. Аны милицияга алып барып тапшырып, арыз жаздым.

Ошол эле учурда журналисттер да прокуратурага кайрылышты.

Тилек Акамбаев Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери жана “Айыл Банктын” жергиликтүү филиалынын директору. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG