Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Баткенде маңзат менен шугулданган жарандар колго түштү


Кыргызстандын чек ара кызматынын билдиришинче, Лейлек районунун Коргончо аймагында чек арачылар маңзат сатууга аракет кылган Тажикстандын бир жаранын жана Кыргызстандын эки жаранын кармады. Алардын жанынан 4 килограмм героин табылды. Кармалгандар Баңги затын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштери уланып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG