Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Крестинин: Бизге ишенгиле, жеңишке жетебиз


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. 16-июнь, 2015-ж.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. 16-июнь, 2015-ж.

16-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Австралиянын футбол командалары беттешти. Оюн 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады. Эки кураманын оюну 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өттү.

Эки команданын башкы машыктыруучулары Кыргызстан менен Австралиянын беттешинен кийин оюн жыйынтыгы тууралуу пикирлерин билдирди.

Беттештен кийинки маалымат жыйынында Кыргызстан футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кыргыз футболчулары оюнда болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланышканын билдирди.

- Александр Сергеевич, оюн жыйынтыгы тууралуу пикириңиз кандай? Бүгүнкү матч тууралуу эмне айта аласыз?

Александр Крестинин: Албетте, оюндун жыйынтыгына капа болдук. Футболчулардын оюн көрсөтүүсү боюнча жаман эч нерсе айта албайм. Пландалган нерселердин бардыгы ишке ашты. Бир гана дарбазага ийгиликтүү чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүбүз аз болду. Соккулар көп эле болгону менен, ал соккулардан дарбазага аз эле топ тийип калды. Голдун жок болушу да ошол себептен. Оюнчулардын болгон мүмкүнчүктөрүн пайдаланганына жана жеңишке жетүү каалоолоруна нааразычылыгым жок.

- Улуттук кураманын оюнчулары канча убакыттан бери бирге ойношууда жана Кыргызстан - Австралия беттешине канча убакыт машыкты?

Александр Крестинин: Улуттук курамада көп оюнчу бар. Азыркы тизмеде 25 оюнчу. Ал эми кеңейтилген тизмеде 30 футболчу бар. Машыгуулар оюнга 10 күн калганга чейин башталат. 11-күнү ойнойбуз. Бирок жетиштүү деңгээлде ойнош үчүн бул убакыт жетишсиз. Өткөн жылдын декабрь айынан бери улуттук кураманы чогултуп, бир катар иштерди аткарып келдик. Бирок курамдын мүчөлөрү улам алмашууда. Бизге футболчулар эмнеге ойношу керек? Кандай талаптар бар? Ушул сыяктуу маселелерди бардык футболчуларга түшүндүрүү негизги тапшырма болууда. Анткени оюнчулар тез-тез алмашууда. Улуттук курамда оюнчулар белгилүү бир күнү, белгилүү бир маселени чечүү үчүн оюн талаасына чыгышат. Туруктуу турмуш жок. Дайыма өзгөрүп турат. Ошондуктан бардыгы алдыда. Бул команданын оюнчулары быйыл эле ойношууда. Алгачкы эки жылда команда түптөлөт. Азыр жаңыдан гана бири-бирин жакындан таанып, көнүп келе жатышат.

- Оюн алдында болгон маалымат жыйынында күйөрмандар келип жакшы колдоп беришерине ишенем деп айттыңыз эле. Күтүлгөндөй эле күйөрмандар келип оюнчуларды жакшы сүрөп турушту. Ар бир күйөрманга эмне пикир айтасыз?

Александр Крестинин: Стадион толо келген күйөрмандардын колдоосу сезилди. Аларга ыраазычылык билдирем. Оюн жыйынтыгын эсепке албаганда өз күйөрмандарыбызды кубанта алдык. Жыйынтыктар тууралуу айта турган болсом, бизге ишенгиле, буюрса жеңишке жете турган күндөр алдыда.

- Тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк барбы?

Александр Крестинин: Мүмкүнчүлүк дайыма бар. Анткени футболчулардын машыгууларда, оюн талаасында кылган эмгектери жөн эле талаага кетип калбашы керек.

- Кийинки беттеш сентябрь айында Иордания курамасы менен болот. Курамга өзгөртүүлөр киргизилеби?

Александр Крестинин: Ал оюнда улуттук курамада кандай оюнчулар болорун билбейм. Анткени даярдыкка кимдер келери азырынча белгисиз. Бул - биринчи маселе. Экинчи маселе - Иордания курамасы тууралуу маалымат топтошубуз керек. Маалымат топтогонго жараша улуттук кураманын оюнчуларын чогултабыз. Ириде оюнчунун саламаттыгы, ойноо тажрыйбасы тууралуу маалымат алабыз. Анан ошого жараша иш кылабыз. Алдыда оюндар көп. Ар бир беттеш маанилүү.

Постекоглу: Кыргызстандын азыркы курамы сакталышы керек

Австралиянын башкы машыктыруучусу Анж Пастекоглу оюн жогорку деңгээлде өткөнүн, күйөрмандар оюнга жакшы атмосфера түзүп беришкенин айтып, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Анж Пастекоглу
Анж Пастекоглу

Анж Пастекоглу: Биз бул оюнда жеңишке жеткенибизге кубанычтабыз. Жакшы оюн болду. Кыргызстан курамасын куттуктайм. Силердин күйөрмандар керемет атмосфераны түзүп беришти. Алар командаңарга дем-күч берип, алга сүрөп жатышты.

- Кыргызстандын улуттук курамасынын оюнчулары тууралуу сиздерде кандай пикир пайда болду?

Анж Пастекоглу: Жогоруда айткандай, оюн эң жакшы өттү. Кыргызстандык футболчулар мыкты оюн көрсөтүштү. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин эмгегин баса белгилей кетишим абзел. Ал команданы бир бүтүнгө чогулта алды. Эми Сиднейде боло турган жооптук беттеште мындан башкача оюнду күтөм.

- Австралиянын өкүлдөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун абалын сындап жазып чыгышкан. Стадиондун абалы сиздердин оюнга кандай таасир берди? Көйгөй жаралган жокпу?

Анж Пастекоглу: Оюн талаасы жакшы эмес сапатта болду. Эгерде деңгээли жакшы болгондо бул беттешти башкача өңүттө ойноого аракеттенмекпиз.

- Оюн жыйынтыгына ыраазысызбы?

Анж Пастекоглу: Ооба. Анткени биз жеңдик.

- Австралия курамасы Кыргызстандын оюнчуларын өзүнө теңдеш атаандаштай эле кабыл алыштыбы?

Анж Пастекоглу: Биз Кыргызстандын Бангладеш менен болгон оюнун көрдүк. Ал беттеште команда өзүн жакшы жагынан көргөзө алды. Бирок бул беттеште жеңиш ээси биз болдук. Ошондуктан жеңилгендерди эч убакта сындоого болбойт.

- Кыргыз курамасы үчүн кандай кеңеш бере аласыз?

Анж Пастекоглу: Кыргызстандын азыркы курамы өзгөрбөстөн сакталышы керек. Бул курамдын оюнчулары бири-бирин жакшы түшүнүп, мыкты ойношу үчүн бирге көп оюнга чыгуулары зарыл. Бишкекке келип ойной турган Бангладеш жана Тажикстан курамалары дагы биздей эле кыйынчылыкты башынан кечирет деп айтаар элем.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG