Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Тажикстанда Кыргызстандын бир жараны дайынсыз жоголду


Баткен шаарынын 63 жаштагы тургуну Сарахан Нурматова 7-июнь күнү Тажикстандын Кожент шаарындагы дүң базарга барган боюнча дайынсыз. Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти.

Сарахан Нурматова буга чейин да Тажикстандын базарларына барып, кол өнөрчүлүк үчүн керектүү буюм-тайымдарды сатып алып келип турган. 7-июнь күнү да өзү жалгыз Кожент шаарындагы “Атүш” базарына барып, соода кылып чыкканы боюнча маалыматтар бар. Андан кийин аны көргөн киши болгон эмес. Милиция кызматкерлери тажикстандык кесиптештери менен учурда издөө иштерин жүргүзүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG