Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Бишкекте жаңы конуштардын көйгөйлөрү талкууланды


“Жаңы конуштардын кеңеши” уюштурган конференцияда жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу маселесине басым жасалды. Шаардын чет жакаларына жаңы конуштардын түшкөнүнө 25 жылдай болсо да ушул кезге чейин свет, жол, суу маселеси көйгөй болуп келатканы айтылды.

Шаардык мэрия бул проблемаларды жалгыз чечүү кыйын болуп жатканын айтты. Конференцияда жаңы конуштардын жашоо шартын оңдоо жолун биргелешип издөө сунушу айтылып, жарандык коом, коомдук уюмдар, жергиликтүү активисттер биригип, талкуу аянтчасын түзүү демилгеси көтөрүлдү.

Бишкектин айланасында 50нүн тегерегинде жаңы конуш бар. 1990-жылдардан кийин Бишкектин тегерегиндеги көп жерлер, анын ичинде айдоо аянттары мыйзамсыз басып алынган. Көпчүлүгү бара-бара жер тилкелерин мыйзамдаштырып алса, жерге болгон ээлик укугун өкмөт менен талашып келаткандар да бар. Былтыр Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде 42 жаңы конушта мыйзамсыз делген 6 382 жер участогу аныкталып, анын 3,5 миңден ашуунуна үйлөр мыйзамсыз курулуп жатканы айтылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG