Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Тбилисиде жолборстун кол салуусунан бир киши каза тапты


Грузия -- Суу ташыган Вере дарыясы.Тбилиси, 16-июнь, 2015/
Грузия -- Суу ташыган Вере дарыясы.Тбилиси, 16-июнь, 2015/

Жолборс Грузия баш калаасындагы суу ташкындан талкаланган зоопарктан качып чыккан. Бүгүн кол салууга кабылып каза тапкан киши зоопарктын жанындагы Лагуна Вере бассейнине келген экен. Мурдарак ага арстан кол салганы айтылып жаткан. Жырткыч полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн соң альбинос жолборсу экени белгилүү болду.

Тбилисиде 14-июндагы суу ташкындан талкаланган зоопарктан жолборс, арстан, аюу, карышкыр сыяктуу бир канча жырткыч жаныбарлар качып кеткен. Алардын айрымдарын полиция атып салса, дагы бирлери зоопаркка кайтарылган. Кечээ бийликтер качкан арстан менен жолборстордун баарынын өлүгү табылганын, бир гана ягуар дайынсыз болуп жатканын билдирген болчу.

Бул арада суу ташкын курмандыктарынын саны 19 кишиге жетип, баарынын тек-жайы аныкталганы, дагы алты адам дайынсыз болуп жатканы кабарланды. Издөө иштери уланып жатат.

Грузиянын борборунда 13-июндун кечиндеги нөшөрдөн улам Вере дарыясы ташкындап, ондогон үйлөрдү суу каптаган. Табигый кырсык калаага 44 миллион долларлык зыян алып келди. Европа Биримдиги сел кесепетин жоюуга каржылык көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG