Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Түркиядагы сириялык качкындар Тел-Абьяддагы үйлөрүнө кайта баштады


Түркия -- Акчакале бекетинен өтүп жаткан сириялык качкын балдар, 16-июнь, 2015.
Түркия -- Акчакале бекетинен өтүп жаткан сириялык качкын балдар, 16-июнь, 2015.

Түркия - Сирия чек арасына жакын бул шаарды кечээ күрт аскерлери "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринен бошотуп, көзөмөлдү колго алган эле. Бүгүн чек арадагы Акчакале бекетинен 200 чакты аял-эркек жана балдар буюм-тайымы менен кошо Сирия тарапка өткөнү кабарланды.​ БУУнун маалыматына караганда, бул калаанын айланасындагы согуш 23 миңдей адамды үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз кылган.

Күрт күчтөрүнө АКШ баштаган коалиция аба соккулары аркылуу колдоо көрсөткөн. Тел-Абьяддын ээлениши күрттөр 900 чакырымга созулган Сирия – Түркия чек арасынын 400 чакырымын көзөмөлдөп калды дегенди туюндурат. Бул тилке “Ислам мамлекети” радикал тобунун катары чет элдик согушкерлер менен толукталышында маанилүү роль ойногон.

XS
SM
MD
LG