Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

ЕБ Орусияга каршы санкцияларды улантат


Брюсселге чогулган Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн элчилери Орусияга каршы экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартып, Крымга инвестиция салуу аракеттерин тыюуну бир жылга созуу чечимин кабыл алды. Бул чечимди биримдиктин тышкы иштер министрлери 22-июнда Люксембургда өтчү жыйында кабыл алышы күтүлүүдө. Мындай санкциялар орус экономикасынын энергетика, финансы жана аскердик өнөр жай тармактарына катуу сокку урат.

Санкциялар алгач былтыр июлда Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алганына жооп катары киргизилген. Быйыл март айында болсо ЕБ өкмөт башчылары санкциялар Орусия Украина аймагында ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишимин толук аткармайынча узара берерин чечишкен.

XS
SM
MD
LG