Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

25-мартты парламент күнү катары белгилөө сунушталууда


Мындай демилге Жогорку Кеңештин регламент жана депутаттык этика комитети тарабынан көтөрүлүп, комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева токтом даярдады. Эмне үчүн 25-март тандалганын Алтыбаева төмөнкүчө түшүндүрдү:

- 1925-жылдын 25-мартында Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен аткаруу комитети жер-жерлерден эл өкүлдөрүн чакырып, парламенттин алгачкы багыттары, биринчи уюштуруу иштери башталган.

Бул датаны белгилөө сунушун Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети колдоду. 19-июнь күнү эл аралык жана жергиликтүү саясий серепчилердин катышуусунда уюштурулуп жаткан жыйында да бул маселе көтөрүлмөкчү. Андан соң депутаттардын жалпы жыйынында каралат. (SE)

XS
SM
MD
LG