Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Бишкекте күбөлөрдүн укугун коргоого арналган эл аралык жыйын өтөт


Ички иштер министрлиги бүгүн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму менен бирге күбөлөрдүн укугун коргоо боюнча талкуу уюштурат. Негизги тема уюшкан кылмыштуу топторго карата жүргүзүлгөн тергөө иштеринде күбөлөрдүн коопсуздугун сактоо болмокчу. Ошондой эле соттук териштирүү, кылмыш иштерин иликтөө учурундагы коопсуздукка байланышкан маселелер каралат.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйынга Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринен келген серепчилер катышат. Талкуу Юридикалык академияда өтөт.

Былтыр ИИМде күбөлөрдү коргоо башкармалыгы ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG