Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Венгриянын чек арага дубал тургузуу демилгеси Сербияны таң калтырды


Сербиянын өкмөт башчысы Александр Вучич Венгрия парламенти сунуштап жаткан чек арага дубал тургузуу демилгеси аны нес кылганын билдирди. Венгриялык депутаттар бул сунушту мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү ыкмасы деп түшүндүрүшкөн эле. Вучичтин айтымында, маселе коңшу өлкө расмийлери менен бирге дагы талкууланат.

Мурдараак Венгриянын тышкы иштер министри Петр Сиярто Сербия менен чектешкен 175 километр жерге бийиктиги төрт метрлик дубал тургузуу тууралуу өкмөт буйрук чыгарганын билдирген эле.

Венгрияда өткөн жылдан тарта Сербия аркылуу түрдүү өлкөлөргө жумуш издеп кеткендердин саны кескин өсө баштаган. Былтыр 43 миң адам башка мамлекетке чыгып кетсе, быйыл жыл башынан бери жумуш издеп бөтөн өлкөгө жөнөгөндөр 54 миңге чамалады. (SE)

XS
SM
MD
LG