Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан өлкө деп табылды


Элдин жашоо сапатын изилдеген Британиянын Mercer ченеми деп аталган изилдөөчүлөр тобу Бишкекти дүйнөдөгү эң арзан баш калаа катары баалады.

Жашоосу эң кымбат шаарлардын башына Вена, Гонк-Конг жана Дубай сыяктуу шаарлар турса, турмуш тиричиликке кеткен чыгымдары эң аздардын катарында Чыгыш Европа, Африка өлкөлөрү турат. Ал эми Бишкекке чейинки тиричилик баасы эң арзан шаарлар - Африкадагы Намибиянын баш калаасы, Тунистин борбору жана Пакистандын Карачи шаары аталган.

Mercer эл аралык университетинин изилдөөсү өлкөлөрдөгү адам жашоосун 10 өңүттөн карап, жыл сайын арзан жана кымбат мамлекеттердин тизмесин чыгарып турат. Быйылкы жылдын эң кымбат өлкөсү деп Австрия табылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG