Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Өкмөт башчы Тажикстан менен чек араны аныктоону активдештирүүнү тапшырды


Өкмөттүн маалымат кызматынын 18-июндагы кабарлоосуна караганда, өкмөт башчы Темир Сариев Тажикстан менен мамлекеттик чек араны аныктоо иштерин активдештирүүнү тапшырды. Кыргыз өкмөт башчысы 8-июнда Дүйшөмбү шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон жана өкмөт башчысы Кохир Расулзаде менен жолугушууда чек араны делимитациялоону тездетүүнү макулдашканы кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 990 чакырымды түзөт. Өзгөчө татаал жана талаштуу участоктор Баткен облусу менен чектешкен аймактарда жайгашкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG