Бул тууралуу коомдук-саясий комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, өкмөт коомдук-саясий комиссиянын өкүлдөрүн Үркүн боюнча өкмөттүн жумушчу тобуна курамына кошууну сунуштады. Ал сунуш кабыл алынып, коомдук-саясий комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов, коомдук активисттер Сабыр Муканбетов, Дөөлөт Нусупов жана Абдырахман Алымбаевди сунуштады.
Азимбек Бекназаров башында турган Үркүн боюнча коомдук-саясий комиссия 1916-жылы болгон каргашага тарыхый эле эмес, саясий да баа берүүнү көздөөдө.
Президент Алмазбек Атамбаев өз жардыгы менен 1916-жылдагы окуяга тарыхый баасын берүүнү, каза болгондордун сөөгүн жерге жашырып, эстеликтерди орнотууну өкмөткө тапшырган. (AiT)