Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууну 18-июнда Соттор кеңеши президентке жана Жогорку Кеңешке сунуштоону чечти. Соттор кеңеши өзүнүн чечимин судья Клара Сооронкулова соттун чечими чыкканга чейин каралып жаткан маселе боюнча маек куруп, Соттордун статусу жөнүндөгү мыйзамды бузду деп негиздеди.
Клара Сооронкулова өз кезегинде биометрикалык маалыматтар боюнча мыйзамдын Конституцияга ылайык келерин карап жаткан мезгилде Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан кысымдар болгонун гана айтканын, бул Соттордун статусу жөнүндөгү мыйзамга каршы келбесин билдирди. (AiT)