Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

АКШ элчилиги 2015-жылы 160 студентке виза берген


Бул тууралуу АКШ элчилигинин маалымат кызматынан «Азаттыкка» билдиришти.

АКШга Work&Travel программасы аркылуу 2013-2014-жылдары Кыргызстандан барган студенттердин 40 пайызы кайра келбей, мыйзамсыз калып калган. Бул өз кезегинде элчиликти виза берүүдө тыкыр текшерүүлөрдү жүргүзүүгө түрткөн.

Быйыл жыл башынан бери кайрылган студенттердин 30 пайызына, башкача айтканда, 160 студентке гана виза берилген.

18-июнда элчиликтин алдына виза атайылап берилбей жатканын айтып, жыйырмага чукул ар кайсыл окуу жайдын студенттери нараазылык билдирип чыкты. Алар виза алуу үчүн документтерди даярдоодо короткон каражатты АКШ элчилиги төлөп берсин деген да талап коюшту. (SA)

XS
SM
MD
LG