Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Еврокомиссия Венгрияга чек арада дубал курбоону эскертти


Сербия-Венгрия чек арасындагы мигранттар. 18-июнь, 2015-жыл.
Сербия-Венгрия чек арасындагы мигранттар. 18-июнь, 2015-жыл.

Венгриянын тышкы иштер министрлиги Евробиримдикке мүчө эмес Сербия менен 175 чакырымдык чек арасында бийиктиги төрт метрлик дубал курууга даярдык көрө баштаганын кечээ жарыялаган.

Расмий Будапешт бул чечимин мыйзамсыз миграция агымына каршы туруу деп түшүндүргөн эле.

Евробиримдиктин юстиция жана ички иштер боюнча комиссарынын басма сөз өкүлү Наташа Берто бүгүн Брюсселдеги басма сөз жыйында билдиргендей, алар дубал курулушун жактабайт, мүчө өлкөлөрдү башка альтернативалуу чараларды колдонууга чакырат.

Еврокомиссия өкүлү белгилегендей, Европадан дубалдар жакында эле алынган, алар эми кайра тургузулбоосу керек.

Сербия премьер –министри Александр Вучичтин айтымында, коңшу Венгриянын планы аларды бир эсе “шок кылса”, “бир эсе таң калтырды”. Адатта мигранттар Сербияны транзиттик аймак катары пайдаланышат.

Сербия менен чек арасына дубал курууну көздөгөн Венгрия былтыр 43 миң качкын кабыл алган. Евробримдиктин өлкөлөрүнөн Швецияны эске албаганда, калктын жан башына бөлө келгенде бул эң жогорку көрсөткүч. (UE)

XS
SM
MD
LG