Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Грециянын карызы боюнча мунаса табылган жок


Еврону колдонгон аймактын каржы министрлери менен Грециянын Люксембургдагы сүйлөшүүлөрү майнапсыз жана макулдашуусуз аяктады.

Бул тууралуу Люксембургдагы басма сөз жыйында евротоптун башчысы Йерун Дейсселблум билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдө эч жылыш болгон жок, ал эми убакыт аяктап бара жатат.

Евротоптун башчысы кошумчалагандай, грек тарап олуттуу жана ишенимдүү сунуш бере алган жок, алдыдагы күндөрү жаңы сунуштарды алып келүү алардын иши.

Грециянын каржы министри Янис Варуфакис болсо мунаса табылбаганы үчүн тескерисинче евротоптун башчысын айыптап, көңүл тараптардын баарынын эмес, Афинанын гана жоопкерчилигине бурулуп жатканын белгиледи.

Грециянын солчул премьер-министри Алексис Ципрас пенсиянын жана кошумча нарк салыгынын өлчөмүн өзгөртүүдөн баш тартууда.

Греция Еврошаркет менен Эл аралык валюта корунан жаңы насыя алгысы келсе ушул кадамдарды жасоосун кредиторлор талап кылган.

Кредиторлор менен мунаса табылбоосу Греция 30-июнда Эл аралык валюта коруна карызынын 1,8 миллиард долларын төлөп бере албай, дефолт абалына кептелет дегенди билдирет.

Грециянын карыз кризисин чечүү үчүн Евробиримдиктин президенти Дональд Туск 22-июнга чукул саммит чакырууда. (UE)

XS
SM
MD
LG