Кыргызстанда парламенттик шайлоо 1-ноябрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу депутат Абдыманап Кутушев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоо мыйзамына кирип жаткан өзгөртүү боюнча шайлоо азыркы чакырылыштын конституциялык мөөнөтү өтүп жаткан айдын биринчи жекшембисинде болот. 5-чакырылыштагы депутаттардын иши 2010-жылдын 10-ноябрында башталган.
- Натыйжада ушул жылдын ноябрь айынын биринчи жекшембиси шайлоо күнү деп жарыяланат. Жылнаамада 1-ноябрь жекшемби күнгө туш келгендиктен шайлоо да ошол күнү өтөт, - деди Кутушев.
Кечээ ЖК президент жана парламент депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. (SDz)