Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Ош: Профсоюз төрагасын шайлоо нааразылык менен коштолууда


Бүгүн, 19-июнда Ошто тармактык кесиптик кошуун уюмунун төрагасын шайлоо өнөктүгү нааразылык акциясы менен коштолууда. Акцияга чыккан тармактык кесиптик кошуун өкүлдөрү имараттын сыртында «Жаштарга жол бергиле», «Аксакалдар сыйыңар менен кеткиле», «Ош пансионатын сатууга жол жок», «Аксакалдар эс алсын» деген плакаттарды көтөрүп турушат. Абалга милиция кызматкерлери көз салып турат.

Шайлоого келгендердин жүзгө жакыны орундун жоктугунан залга кире албай калышты. Азырынча Ош облустук кошуун төрагалыгына кимдер талапкер болору айтыла элек. Улам сөзгө чыккандар профсоюздун мүлкү сатылып, уюм өз миссиясын аткара албай жатканын айтууда.

Уюмга акыркы он жылдан бери Тайлакбай Мусаев төрагалык кылууда. Кийинки беш жылдык мөөнөт менен облустук кесиптик кошуунга төрагалык орунга ал үчүнчү жолу талапкер. (YI)

XS
SM
MD
LG