Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Жерүй сынагынын акчасына мектептер оңдолот


Жерүй боюнча конкурстан инвестор которгон акчаны кыргыз өкмөтү мектеп курууга жумшайт. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, учурда оңдоого муктаж 263 мектеп имаратынын 87си жараксыз абалда, балдар чатырда окуп жатат.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алган орусиялык "Востокгеолдобыча" компаниясы конкурстун шартына ылайык Кыргызстанга 100 миллион доллар төлөшү керек. Анын 90 миллиону 22-июнга чейин которулмай болуп жатат, 10 миллиону буга чейин которулган. (RK)

XS
SM
MD
LG