Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Аскер институтун аяктаган 101 курсант диплом алды


Бүгүн Бишкектеги эски аянтта Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскер институтун аяктаган 101 курсант лейтенант жылдызын тагынып, жогорку билим туурасындагы диплом алышты.

Бүтүрүү салтанатында аларды премьер-министр Темир Сариев, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев жана коргоо министри Абибилла Кудайбердиев куттуктады.

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында Коргоо министрлигинин жана М. Ломоносов атындагы стипендиянын 11 ээси бар. Алар гуманитардык илимдер жаатында өздөрүн мыкты көрсөтүшкөн. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөрдүн арасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча Кыргызстандын жана Борбор Азиянын чемпиондору бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG