Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кадамжайда сел жүрдү


Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чечме айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам сел жүрүп, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 180-чакырымындагы көпүрөнүн үстү жагын бузуп кеткен. Ушул тапта жол каттамы Чечме айылынын ичи аркылуу жүрүп жатат.

Мындан тышкары Жаңы-Коргон айылындагы Көк-Терек каналынын жээгинин 467 метр аралыгын суу жиреп, үлүш жерлерге зыян келди.

Азыркы учурда тазалоо, каналды, көпүрөнү калыбына келитирүү чаралары көрүлүп жатат.

Бул туурасында Өзгөч кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG