Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Үркүндө каза болгондордун сөөктөрү изделет


Ысык-Көл облусунда июль айынан тартып 1916-жылкы Үркүндө кыргыз-кытай чек арасында, ашууларда каза болгондордун сөөктөрүн издөө иштери башталат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин облустагы тиешелүү кызматтар менен өткөргөн жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматтарга караганда, учурда ашууларда кар кете элек, буга байланыштуу жай айынын ортосуна чейин издөө иштерин баштоого мүмкүн эмес.

Бир ай ичинде бул иш-чараларга катыша турган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларын, дарыгерлерди жана чек ара кызматынан аскерлерлерди даярдоо чаралары жүргүзүлөт. Учурда чек ара күзөттөрүндө аттар бар экени, аларды издөө иштерине колдонуу мүмкүнчүлүгү да айтылды. (ASa)

XS
SM
MD
LG