Кыргызстанда 22-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35
Баткен областында түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34
Ысык-Көл областында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24
Нарын областында түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25
Бишкекте 22-июнда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18 градус, күндүз 30...32 градус болот.(AzK)