“Бекем үй-бүлө–күчтүү мамлекет” демилге тобу педофилдерди өлүм жазасына тартууга макулдук бергендердин колун топтоо ишин жалпы Кыргызстан боюнча улантып жатканын кабарлады. Алардын билдиришинче, жарандардын колу коюлган петиция Жогорку Кеңеш депутаттарына жайкы каникулга тарардын алдында, 30-июнда тапшырылмакчы.
Активисттер петицияга кошуп балдардын колунан жасалган “Бакыт кездемесин” кошо тартуулашат. “Бекем үй-бүлө–күчтүү мамлекет” демилге тобу жашы жетелек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу демилгеси менен кол топтоону бир ай мурун баштаган. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл сайын 500 чамалуу бала сексуалдык зомбулукка кабылат.