Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Ооганстанда талиб согушкерлери парламент имаратына чабуул жасады


Кабулда бүгүн жанкечти террорчу менен кошо бир канча согушкер ооган парламентинин имаратына чабуул жасады. Бул "Талибан" согушкерлери акыркы эки күндө Ооганстандын түндүгүндө жасаган экинчи чабуул болду.

Кабул полициясынын өкүлү Ибадуллах Каримдин сөзүнө караганда, жанкечти отурган автоунаа парламент жанында жардырылып, бир канча согушкер парламентке тиешелүү имаратка кирип келген. Ооган ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Седик Седикки согушкерлер сүрүп чыгарылып, бирок жанаша жайгашкан курулуп бүтө элек имаратка жашырынганын, полиция ал жерди курчоого алганын билдирди. Депутаттардын баары азыр коопсуз абалда.

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид чабуул үчүн жоопкерчиликти "Талибан" алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, чабуул депутаттар жаңы коргоо министринин талапкерлигин сунуштаганы жатканда жасалды.

Мунун алдында бүгүн талибдер өлкө түндүгүндөгү Кундуз провинциясында жайгашкан Дашти-Арча аймагын өз көзөмөлүнө алды. Бул жүздөгөн согушкерлер кошуна Чардар районун басып алгандан бир күндөн кийин болду.

Эл аралык күчтөр чыгарылып, аба соккуларынын азайышы Ооганстандын стратегиялык маанидеги аймактарында талибдердин бир канча ири чабуулдарды жасашына жол ачты. Апрелде "талибан" экстремисттик кыймылы өлкөдө машстабдуу чабуул баштап, өкмөттүк жана чет өлклөлүк обьекттерге кол салууларын күчөткөн.

XS
SM
MD
LG