Кыздарга футбол үйрөткөн Лорри Фейр
Каракол шаарына аялдар футболу боюнча олимпиадалык чемпион Лорри Фейр келди. Ал калаадагы кыздар курама командасына сабак өтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, өзгөчө ыкмаларды үйрөттү. Лорри Фейр - АКШ курамасынын өкүлү. Буга чейин Тоң районунун Бөкөнбаев жана Төрт-Күл айылдарында окуучулар менен жолугушкан.