Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Ошто облустук сот төрагасына каршы акция өттү


Ош, 22-июнь 2015
Ош, 22-июнь 2015

Бүгүн Оштогу Кара-Суу базарынын 147-соода жайынын нааразы сатуучулары “Облустук соттун төрагасы Шамшиев кызматынан кетсин!” деген талаптарын жазып алып, көтөрүп чыгышты. Нааразы тарап мындай талап менен чыгуу себебин базардын ээсимин деп соодагерлерден акча өндүрүп жүргөн, мурда соттолгон жана азыр да алдамчылык үчүн сот жообуна тартылганы турган Өмүрбек Эркинбаевдин үй камагына чыгарылышына байланыштырышты.

Облустук сот имаратынын алдына келген элүү чамалуу соодагер төрага Абдрасул Шамшиевди кылмышкерлер менен кызматташат, пара алат деп айыптады.

Шамшиев нааразы тараптын дооматтарына карата пикирин журналисттерге билдирүүдөн баш тартып, сот имаратына кулпу салдырып койду. (YI)

XS
SM
MD
LG