Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Түштүк Кореяда MERS дагы эки өмүрдү жалмады


Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлиги МЕРС вирусунан дагы эки киши көз жумганын маалымдады. Бул эки киши тең 80 жаштагы абышкалар экени, алар рак илдети менен да жабыркап жүргөнү айтылат. Муну менен Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому деп аталган илдеттен каза тапкандардын саны өлкөдө 27 кишиге жетти.

Түштүк Корея бийликтери бүгүн дагы 3 киши бул илдетке чалдыкканы аныкталганын, МЕРС эң алгач катталган майдын ортосунан бери ага кабылгандардын саны 172 адамга жеткенин кабарлады. Алардын ичинен 14үнүн абалы оор. Ошол эле учурда 50 чакты адам бул дарттан айыгып, ооруканадан чыгарылганы маалымдалды.

Бул илдеттен адамдын дем алуу органдары жабыркайт. Буга чейин вирус адамдан адамга жукпайт деп айтылып келген, бирок соңку кабарлар бышыктагандай, ал өзгөрүп, тез жайылышы мүмкүн. Оору Жакынкы Чыгыштан тараган жана ал төөдөн жукканы божомолдонууда.

XS
SM
MD
LG