Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 13:32

Укук коргоочулар акыйкатчыны коргоп чыгышты


Акыйкатчынын жылдык докладына акыйкат баа берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн он чакты укук коргоо уюму президентке жолдогон ачык катта айтылат. "Бир дүйнө-Кыргызстан", "Кылым шамы", "Альтернатива" жана башка бейөкмөт уюмдар парламент акыйкатчынын жылдык докладын дагы бир жолу угуп, ага коомчулук өкүлдөрү катышуусу керек деп эсептейт.

10-июнда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаевдин ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан болчу. Аманбаев бул чечимди негизсиз деп атап, Жогорку Соттун Конституциялык Палатасына кайрыларын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG