Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Нарын милициясындагы гендердик абал талкууланды


Нарында облустук милициядагы гендердик абалды талкуулаган жыйын өттү. Ага жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор, тергөөчүлөр катышты.

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, соңку жылдары милицияда иштеген кыз-келиндердин саны өсө баштаганы байкалууда. Учурда Нарын ОИИБ кызматкерлеринин 8 пайыздан ашыгын аялдар түзөт. Беш жыл мурда бул көрсөткүч 5 пайыз болчу.

2010-жылы 1-октябрда экс-президент Роза Отунбаеванын колдоосу менен ички иштер органдарында гендердик теңчиликти орнотуу максатында Кыргыз милиция айымдарынын ассоциациясы түзүлгөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG