Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Жер көчкү жүргөн аймактан дагы 20 үй-бүлөнү көчүрүп кетүү каралууда


Сузак районунун Кыр-Жол айылындагы жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактан дагы 20 үй-бүлө көчүрүлүшү мүмкүн. Тизме такталып жатканын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын бөлүм башчысы Эрнест Дыйканбаев билдирди.

Өткөн жуманын аягында Кыр-Жолдогу 10 үй-бүлөгө Жашасын айылынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, аларга турак жай салып берүү иши башталган. 8 үй президенттин резервдик фондунан курула турган болуп, ар бирине 1,4 млн сом каралган болсо, калган 2 үйдү жашоочулар өздөрү тургузушат.

Быйыл 24-майга караган түнү Сузактын Кыр-Жол айылында жер көчкү 5 үйдү басып калып, 6 адам каза тапкан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG