Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Бажы биримдигинин кыргызстандык ишкерлерге таасири талкууланат


Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзам. 29-май, 2015-жыл.
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзам. 29-май, 2015-жыл.

Бүгүн Бишкекте “Евразия экономикалык биримдикке кирүүгө кыргыз ишкерлери даярбы?” деген темада тегерек стол болот.

Анда кыргызстандык ишкерлер үчүн ЕАЭБнын шарттарында күтүлүп жаткан артыкчылыктар, Бажы биримдигине байланыштуу чакан жана орто ишкерлик тушуккан маселелер ортого салынат. Ошондой эле ЕАЭБнын баа саясатына ишкер-чөйрөнүн ыңгайлашуусу, атаандаштыкка туруштук берүүнүн жолдору жана башка суроолор боюнча кеңири талкуу болот. Тегерек столго Кыргызстандагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, экономист адистер, орто жана чакан бизнес ээлери катышат.

Кыргызстан ЕАЭБга кирүү тууралуу келишимге өткөн жылы декабрь айында кол койгон. Кыргызстандын биримдикке кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол коюлган. ЕАЭБге Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG