Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Жалал-Абад: кылкандуу дан эгиндеринен түшүм арбын


Облустун Ноокен районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев "Азаттыкка" билдирди.

"Акыркы маалыматтарга караганда, 145 гектар аянттагы дан эгиндери орулуп, түшүмдүүлүк 37,6 центнерди түзүүдө. "Быйыл аба ырайы жаанчыл болгондуктан дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү былтыркыдан жакшы болуп, кайракы аянттардан эле 20 центнерден түшүм жыйноо пландаштырылууда", – деди Исаев.

Облус аймагында жалпы 50 миң гектардан ашык аянтка буудай эгилип, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миң гектарга аздык кылат. Быйылкы жылы жалпысынан 50 миң тоннадан ашык буудай жыйноо пландаштырылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG