Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Ала-Арчада мерт кеткен альпинисттердин сөөгү Бишкекке жеткирилди


Ак-Тоо чокусуна чыгып баратып каза тапкан испаниялык үч альпинисттин сөөгү Бишкектеги "Рамадан" моргуна жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 21-июнда Чүйдүн Ала-Арча капчыгайында болгон. Үч адамдан турган жаштар курама тобу тоого чыгып баратканда аларды кар көчкү алып кеткен. Учурда Испаниянын Казакстандагы элчилиги менен бирге маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүүдө. (RK)​

 

XS
SM
MD
LG