Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Акыйкатчы президентке кайрылуу жолдоду


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Ал өзүнө карата парламентте жасалып жаткан мамилени мыйзам бузуу деп атап, буга жол бербөөгө таасир этүүнү өтүндү жана мындай кайрылуу жолдоого аргасыз болуп жатканын билдирди.

Аманбаевдин белгилешинче, парламенттеги КСДП фракциясы Конституцияны, акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды одоно бузуп, аны мөөнөтүнөн мурда иштен кетирүү тууралуу чечим кабыл алды жана жалпы парламент депутаттарын мыйзамсыз чечим кабыл алууга түртүп жатат.

Айрым укук коргоочулар акыйкатчы боюнча чечимди “саясий заказ” деп атоодо.

Ал эми 15-июнда “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүнө катышкан КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев бул маселеге байланыштуу пикирин билдирип жатып “бир фракцияны күнөөлөө туура эмес, КСДПнын максимум 26 добушу бар, ал эми Аманбаевдин отчету жактырылбасын деп 69 депутат добуш берген” деген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG