Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Бишкекте "Мага баары бир эмес!" жарандык форуму өтүүдө


Бүгүн Бишкекте "Мага баары бир эмес!" деген аталышта жарандык форум өтүп жатат. Иш-чара эки күн болот. Ага белгилүү жарандык активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар катышууда.

"Полис Азия" аналитикалык борборунун жетекчиси Эльмира Ногойбаеванын белгилешинче, бул форумдун чогулушуна парламентте адам укугуна, эл аралык укук нормаларына каршы келген мыйзамдар демилгеленип, колдоо таап жаткан тенденция түрткү болду.

Талкуунун катышуучулары соңунда президентке, парламентке жана өкмөткө кайрылуу жолдомой болууда.

Жогорку Кеңеште соңку кезде бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент деп атоо, кумсаларды үгүттөөгө тыюу салуу жана Конституцияны өзгөртүү демилгелери жарандык коомдун сынына кабылып келатат. (SA/RK)

XS
SM
MD
LG