Кыргызстанда ачык асман алдында кино көрсөткөн долбоор башталууда. Демилгечиси - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Мелис Абдибаитов. Ал бүгүн "Азаттыкка" маек куруп, Open air cinema долбоору тууралуу айтып берди:
- Дүйнө жүзүнө тартууланган "Курманжан датка" тасмасын көрдүңүзбү деп апамдан сурасам, көрө албай калганын айтты. Ошондо мен эмне үчүн айыл жергесиндегилер кино көрө албайт деп ойлондум.
Мелис Абдибаитовдун демилгесин BARGEC старт-ап компаниясы жана "Кыргызфильмофонд" мамлекеттик ишканасы колдоду.
Бүгүн кечинде алгачкы тасма Бишкектеги "Асанбай" паркында, 25-26-июнда "Ататүрк" паркында, андан кийин "Ала-Тоо" аянтанда көрсөтүлөт. 3-июлдан 22-августка чейин Open air cinema Кыргызстандын бардык облусун кыдырып чыгат. Демилгечилердин айтымында, ар бир шаарда ар башка, бирок адамды жакшылыкка үндөгөн, жагымдуу маанай тартуулаган тасмалар тартууланат. (RK)