Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Янукович Крымдын Орусияга кошулуусун «трагедия» деп атады


Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Крымдын Орусияга кошулуусун «Украина мамлекетинин трагедиясы» жана «болуп өткөн факт» катары эсептейт. Януковичтин пикиринде, ал бийликте турганда мындай нерсе болмок эмес. Мындай билдирүүлөрүн Украинанын экс-президенти Би-Би-Сиге берген маегинде айтты. «Эми Крымдын кайра кайтарылышы мүмкүн эмес» дейт ал.

Бийликтен кулатылгандан кийин биринчи жолу берип жаткан маегинде Янукович Украинанын чыгышындагы аскердик жаңжалды «Донбасс калкына» карата геноцид деп атап, бирок орусиячыл жикчилдер тарабынан көзөмөлдөнүп жаткан аймактар Украинанын курамында калышы керектигин белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Украина мамлекет эмес» деген билдирүүсүн комментарийлеп жатып, Янукович муну «саясий шоунун элементи» катары сыппатады.

2014-жылдын февралында Киевде нааразылык акциясын таратуудагы адамдардын өлүмү тууралуу суроолорго жооп берип жатып Янукович, демонстранттарга ок чыгарууга буйрук бербегенин жана кан төгүүгө каршы экендигин дагы кайталады.

Украинанын мурдагы президентинин сөзүнө караганда, ал көпчүлүк мезгилде Ростов-на-Донуда жашап жатат. Бирок Орусиянын башка аймактарына такай жылып турууга мажбур болууда. Өмүрүнө коркунуч келгендиктен, ар дайым сакчы менен жүрөрүн белгилеген.

XS
SM
MD
LG