Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Ереванда электр наркынын көтөрүлүшүнө каршы пикет уланууда


Бир канча жүздөгөн адам Еревандагы Эркиндик аянтына кайрадан чогулду. Алар электр энергиясын арзандатуу боюнча өздөрүнүн талаптарынан кайтпай турганын, кечээ аларды милиция суу чачып таратканына "сынып калбагандыктарын" айтышууда.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү полиция пикетчилерге суу бүрккөн машинеден суу чачып, кууп тараткан. Операциянын алдында полиция пикет болуп жаткан жерден журналисттердин чыгып кетүүсүн талап кылган. Ал жерде калган журналисттердин техникасын полиция тартып алган.

Полициянын расмий маалыматына караганда, таңдагы күч менен таратуудан кийин демонстранттардын 237си камакка алынды, кагылышууда кеминде жети демонстрант жана полицейлердин 11и жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Кармалгандарга карата бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду.

“Тоноого жол жок” деп аталган нааразылык акциясын бул ирет жарандык активисттер уюштуруп, Еревандын борборуна 5000ге чейин адам жыйнай алышты.

Мурдараак президент Серж Саргсян акциянын катышуучуларынын бир тобу менен жолугушууга макулдугун берип, бирок бул үчүн алардан марш жасоодон баш тартууну талап кылган. Уюштуруучулар буга макул болушкан эмес.

Арменияда электр кубатын бөлүштүрүү түйүнүнө Орусиянын Интер РАО компаниясы ээлик кылат. Тариф 1-августан тарта дагы 16% жогорулай турганы 17-июнда жарыяланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG