Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Путин «чет элдик агенттер» мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө макул болду


«Чет элдик агенттер» боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макул экенин Орусиянын президенти Владимир Путин Коомдук палатанын шейшемби күнкү жыйынында билдирди. Путиндин пикири боюнча мыйзамдын айрым пунктарындагы түшүндүрмөлөр туура берилбей калган.

Мыйзамдын айрым жагдайларын Путин «орусиячыл» бейөкмөт уюмдарга да зыян келтирет деп атап, кайсы уюмдар жөнүндө айтып жатканын тактаган жок. Муну менен катар «чет элдик» агент деген түшүнүк мыйзамга «кокустан жана жөн жерден киргизилбегенин» белгиледи.

Орусиялык туристтерге Крымга Украина аркылуу кирүүгө кеңеш берип келген керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бирикмесинин «чет элдик» агенттердин тизмесине киргенин Путин мисал келтирди. Президент муну «башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгына кызмат кылуу» деп атады.

«Чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам Орусияда 2012-жылы ишке кирген. Бул мыйзам саясий ишмердүүлүк менен алектенген бирикмелерди жана чет жактан каржыланган уюмдарды Юстиция министрлигинде атайын каттоодон өтүүнү милдеттендирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG