Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Кыр-Жолдогу сегиз үйдү курууга каражат бөлүндү


Сузакта жер көчкү айылдагы беш үйдү басып калган. 24-май, 2015-жыл
Сузакта жер көчкү айылдагы беш үйдү басып калган. 24-май, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Кыр-Жол айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандар үчүн сегиз турак үйдү курууга 11 400 000 сом бөлдү. Бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы 23-июнда кол койду. Буйрукка ылайык, Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 11 400 000 (он бир миллион төрт жүз миң) сом бөлүндү деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG