Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Еревандагы нааразылык митинги кайрадан жанданды


Еревандагы митинг 23-июнь күнү полиция суу менен аттырып тараткан соң, кайра жанданды

Бул жолу Баграмян кең көчөсүнө жыйылган демонстранттар полициянын чабуулунан коргонуу үчүн ортодогу чек арага таштанды салынуучу үкөктөрдү алып келип коюшту. Бирок полиция бул аракет мыйзамсыз экенин эскерткенден кийин жана “полиция эч кандай чабуул жасабайт” деген полиция башчысы Валерий Осипяндын убадасынан соң таштанды үкөктөрү алынганы кабарланууда.

Электр энергиясынын кымбатташына нааразылык иретинде 19-июндан бери Армениянын баш калаасында өтүп жаткан митингди кечээ полиция суу аттырып таркаткан. 200гө чамалуу киши кармалганы кабарланган болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча кайра жанданган митингдин катышуучулары президент менен жолугушуудан баш тартып, ал тариф өзгөрбөстүгү тууралуу теледен билдирүүсүн талап кылышууда.

Нааразылык митинги “Тонотпойбуз” деп аталган жарандык кыймыл тарабынан уюштурулууда. Кечээ ошондой эле нааразылык митинги башка жактарга да кулач жайып, Орусиянын аскер базасы жайгашкан Гюмри шаарында да өтүүдө.

Арменияда электр энергиясы 1-августтан тартып 0,015 центтен 1 долларга чейин кымбаттайт деп айтылган. Арменияны электр менен камсыздаган ишкана 2006-жылдан бери Орусиялык “Интер РАО ЕЭС” компаниясына таандык.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG