Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Илмияновдун "Вечерний Бишкек" боюнча арызын кароо 30-июнга калды


Бүгүн Икрам Илмияновдун «Вечерний Бишкек» басма үйүнө жана Уран Ботобековго каршы доо арызы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралбай калды. Буга ишти карай турган судьянын аттестациядан өтүп жатып келе албаганы себеп болгонун "Азаттыкка" Ботобеков кабарлады.

Быйыл 30-апрелде "Вечерний Бишкек" медиахолдингине караштуу kabarordo.kg сайтында "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун мүчөсү Уран Ботобеков менен маек чыккан. Анда айтылган айрым ойлорду президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов "ар-намысыма, беделиме жана репутацияма шек келтирди" деп 5 миллион доо талап кылууда.

Сот жообуна "Вечерний Бишкек" басылмасы, Уран Ботобеков жана маекти уюштурган кабарчы тартылууда.

Кийинки сот отуруму 30-июнга белгиленди. (RK)

XS
SM
MD
LG