Бүгүн Ошто улут аралык чыр-чатактан кийин тынчтык куруу долбоорунун жыйынтыгы талкууланууда. Ага президенттик аппарат, өкмөт өкүлдөрү, БУУнун бир нече агенттик жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесов 2010-жылдан бери ишке ашырылып келаткан программа ийгиликтүү аткарылды деп эсептерин билдирди. Анын айтымында, буга чейин тынчтыкты куруу долбоорлорун каржылоого 12 млн доллар жумшалган.
Тынчтык жана гендердик теңдикти колдоо иштери дагы 2018-жылга чейин улана бермекчи, аларга дагы 18 млн доллар каралууда.
2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал тутанып, 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. (YI)