Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Ала-Букада жол кырсыгына кабылган бүтүрүүчүлөрдүн дагы бири көз жумду


Ала-Букада бүтүрүү кечесине бара жатып жолдо кырсыкка кабылгандардын дагы бирөө каза тапты. Бул тууралуу райондук милициянын тергөөчүсү Азамат Калмуратов “Азаттыкка” билдирди.

Ооруканага оор абалда жеткирилген 18 жаштагы Өмүрбек Атамырза уулу бүгүн өзүнө келе албай көз жумду.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Жыргалбек Осмоналиевдин айтымында, дагы 1 кыз реанимацияда, 4 жаран хирургия бөлүмүндө жатат, алардын да абалы салыштырмалуу оор.

22-июнда бүтүрүү кечесине "Хонда Одиссей" унаасында бараткан жаштар кырсыкка кабылып, үчөө жеринде мерт болгон, алтоо ооруканага жеткирилген. (RsK)

XS
SM
MD
LG