Франция тышкы иштер министрлиги АКШнын Париждеги элчиси Жейн Хартлини америкалык атайын кызматтар француз президенттеринин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берүүгө чакырды. Министр Лоран Фабиус менен элчинин жолугушуусу бүгүн кечки алтыга белгиленди. Бүгүн Франция президенти Франсуа Олландда парламентарийлер жана коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен аңдуу чатагына байланыштуу чукул жыйын өткөрмөкчү.
Француз өкмөтүнүн өкүлү Стефан Ле Фоль улуттук чалгын мекемесинин координатору Дидье Ли Бре бул кырдаалды талкулоо үчүн Вашингтонго жөнөп жатканын билдирди. Өкмөт өкүлү мунун алдында Франция АКШнын француз президенттерин аңдышын союздаштар мамилесине туура келбеген иш деп атаганын айтып чыккан.
WikiLeaks сайтынын аңдуу тууралуу маалыматын кечээ кечинде Liberation гезити жана Mediapart сайты жарыялаган. Анда 2006-жылдан 2012-жылдын майын чейин АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги азыркы президент Франсуа Олланддын жана мурдагы президенттер Николя Саркози менен Жак Ширактын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганы айтылат. Жарыяланган материалдарда бир топ француз чиновниктеринин., анын ичинде президенттин уюлдук телефондорунун номерлери көрсөтүлгөн. Анда глобалдык финансы кризиси, Грекиянын насыя маселеси, Франция президентинин администрациясы менен Германия өкмөтү ортосундагы карым-катыш тууралуу телефон сүйлөшүүлөрү жазылган.
Ак үй бул маалыматты комментарийлөөдөн баш тартып, америкалык атайын кызматтар АКШ коопсуздугун камсыздоо максатында гана аңдууларды жүргүзөрүн белгиледи.