Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Сузакта диний экстремисттик материалдарды сактаган атуулдар аныкталды


Жалал-Абад облустук ИИБнын жана УКМКнын кызматкерлеринин биргеликте жүргүзгөн “Экcтремист” операциясынын алкагында "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна мүчө Сузактын эки жашоочусунун үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада алардын үйүнөн диний уюмга тиешелүү болгон тогуз даана китеп, төрт даана баракча, 10 дептер жана сегиз даана DVD дисктери алынган. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда аталган факты боюнча теологиялык экспертизалар дайындалып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Облус аймагында «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун көз карашын колдогон 520дан ашык жаран каттоодо турса, алардын көпчүлүгү Сузак районунун тургундары.(RsK)

XS
SM
MD
LG